​Жумалык: Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты

  • 4 года мурун

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканада «Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты» жумалыгы расмий ачылды.

Анда Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган көргөзмө уюштурулган.

Жумалыктын ачылыш аземиндеги иш-чарага маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, Күлүйпа Кондучалованын кызы Ирина Оролбаева, маданият жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Маданият министрлиги тарабынан демилгеленген «Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты» жумалыгы 15-июнга чейин улантылат.

Мамлекеттик жана коомдук ишмердин маданият тармагына синирген зор эмгеги тармактарга бөлүнүп, коомчулукка жеткирилип турмакчы.

Сүрөттө: Күлүйпа Кондучалова. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты