Сот Сапар Исаковду 18 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду тарых музейин оңдоп-түзөө жана Чолпон-Атадагы ат майданы боюнча айыпталган иште 18 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүмдү угузду.

Кылмыш-жаза кодексинин коррупция беренеси боюнча Сапар Исаковду 18 жылга эркинен ажыратуу жана келтирилген 247 млн 650 миң сом чыгымды төлөө өкүмү чыгарылды.

Ал эми бул кылмыш ишинде президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаевага кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренеси боюнча 260 миң сом айып пул төлөө өкүмү чыкты.

Коррупцияга айыпталып жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 9-июнда сот отурумунун саясий сүртүмү бар деп катышуудан баш тарткан.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 2019-жылдын 6-декабрында Бишкек ЖЭБ модернизациясы боюнча Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыраткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты