​Сапар Исаков сотко келген жок

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда тарых мезейи жана Чолпон-Атадагы ат майданы боюнча сот иши уланууда.

Сотто тараптардын жарыш сөзү жүрүүдө.

Сот Марат Сыдыковдун төрагалыгы алдында өтүп жатат.

Коррупцияга айыпталып жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков сотко келген жок. Сот отурумунун саясий сүртүмү бар деп, катышуудан баш тарткан анын каты окулду.

Мурда айыптоочу тарап Сапар Исаковду 20 жылга эркинен ажыратууну суранышкан. Ал эми президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаевага коюлган берене өзгөргөндүктөн, прокурорлор соттон аны эркинен ажыратпастан, 260 миң сом айып пул төлөтүүнү өтүнүштү.

Сапар Исаков Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга шектелип камалган.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 2019-жылдын 6-декабрында Бишкек ЖЭБ модернизациясы боюнча Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыраткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты