​Дагы үч медицина кызматкеринен коронавирус тастыкталды

  • 4 года мурун

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Анын ичинен — Ысык-Көл облусунда үчөө, Ош шаарында жана облусунда бирден медкызматкер.

Ал эми стационардан бир сутка ичинде 11 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 инфекциясына чалдыккан медицина кызматкерлеринин саны 403кө жетти, алардын ичинен 293 медкызматкер стационардан айыгып чыккан.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында айтылды.

9-июнга карата республикада бир суткада COVID-19 инфекциясынын жаңы 23 учуру катталды. Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 2055 болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты