Равшан Жээнбеков абактан дагы бир кат жазды

Кой-Таш окуясы боюнча айып тагылып жаткан белгилүү саясатчы Равшан Жээнбеков абактан дагы бир кат жазды.

-Урматтуу өлкөбүздө төбөсү көрүнгөн коомдук ишмерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, Таластык жердештерим,айылдаштарым, эркин журналисттер жана пикирлештерим!

Менин 7 айдан бери адилетсиз, мыйзамсыз, далилсиз, саясий өңүттө камакта отурганыма кабатыр болуп, байма-бай массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка, Президент Сооронбай Жээнбековго, укук коргоо органдарына жана сотторго мени боштондукка чыгаруу үчүн суранып атканыңар үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем.

Силер билгендей эле, мен бардык президенттердин саясий оппоненти катары, президенттерди, президенттерге гана кызмат кылган УКМКны, Прокуратураны, ИИМди жана сот системасын адилетсиздик, эски көз караш, коррупция, саясий куугунтуктар үчүн сындап келгем. Азыр дагы, түрмөгө күнөөсүз камашса дагы ошол эле позицияда турам.

Менин Кой-Таш окуясы боюнча кыпындай дагы күнөөм жок. Мага карата кылмыш ишти фальсификациялап, жалган көрсөтмөлөр менен камашты. Менин актыгымды далилдеген видеоматериалдар интернетте, ММКларда толугу менен сакталып турат.

Мени эч кандай далилсиз камагандарына караганда, УКМК, ИИМ, Башкы прокуратура жана сот системасы мурдагыдай эле президент Сооронбай Жээнбековго кызмат кылып, саясий оппоненттерин жок кылууга жан үрөшүүдө. УКМКнын азыркы эгемендүү журналисттерди каралап, жарандык активисттерди коркутуп, бийликтин менден башка дагы оппоненттерин камап атканы буга кошумча далил болуп эсептелет.

Президент Жээнбеков жана анын командасы өлкөнү саясий, экономикалык жана интеллектуалдык деградацияга алып келди. Буга анын билимсиз кадр саясаты, чечилбеген чек ара чатактары, ачылбаган кыргыз-казак чек арагы, жумушсуздук, коррупция менен тандалма күрөшү, күн карама соттук жана укуктук система, талкаланган мамлекекеттик институттар, оор экономикалык абал далил боло алат.

Бирок ал жана анын командасы бир багытта чоң ийгиликтерге жетишти. Бийликке келген 3 жылынын ичинде аларга жакпаган, аларга саясий оппонент боло алчу, башка көз караштагы, бийликти сындаган саясатчыларды, жарандык коомду, активдүү жарандарды жана эгемендүү журналисттерди камап, коркутуп, ооздорун жабышты.

Мен 20 жылдан бери активдүү саясатта жүргөн саясатчы катары азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен анын командасынын жүргүзүп аткан саясатынын келечеги жок экенин, туңгуюктуу жол экенин жакшы билем. Ишенем.

Эгемендүү, башка көз караштагы, сынчыл саясатчылардын, журналисттердин жана жарандардын баарын коркута алышпайт, ооздорун жаба алышпайт, камай алышпайт, өлтүрө алышпайт.

Дагы бир жолу баарыңыздарга колдооңуздар, ишеничиңиздер үчүн ыраазычылыгымды билдирем.

Равшан Жээнбеков

СИЗО-1

08.06.2020

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты