Депутат Строкова өмүр баянында калп маалыматты көрсөткөн

Фейсбук социалдык тармагында «Smart Жаран» ассоциациясынын жетекчиси Эркина Убышева Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова Жарандык коомду колдоо борборлорунун ассоциациясында иштебегенин, өмүр баянында туура эмес маалымат бергенин жазып чыкты. ПолитКлиника бул маалыматтарды текшерип көрдү.

Жогорку Кеңештин расмий сайтындагы Евгения Строкованын өмүр баянында “2003-2007-жылдары «Симера» борборунда «Көп тилдүү билим берүү» долбоорунда иштеген, Жарандык коомду колдоо борборунун ассоциациясында эмгектенген” деген маалымат бар.

Эркина Убышева 2003-2007-жылдары Жарандык коомду колдоо борборлорунун ассоциациясында директору болуп иштегенин, бирок Евгения Строкова деген жумушчу такыр болбогонун билдирип, депутат калп маалыматты өмүр баянында көрсөткөн деп билдирди.

“Биографияңызга ылайык, 2003-2007-жылдары Жарандык коомду колдоо борборлорунун ассоциациясында «Көп тилдүү билим берүү» долбоору боюнча иштеген турбайсызбы. Ушул мезгилдер ичинде мен бул уюмдун директору болуп иштегем жана сиздей кызматкер болгону такыр эсимде жок жана ишенимдүү түрдө айта алам, биздин уюмда мындай долбоор болгон эмес. Жакында берген маегиңизде, сиз Батыштын каржылоосун алган бейөкмөт уюмдарды «чет элдик агенттер» деп атагансыз. Ошентип, сиз ЖККБА иштеген болсоңуз, анда сиз “чет өлкөлүк агент” катары, кайсы өлкөгө иштегендигиңизди жана кандай диверсиялык иш-аракеттерди жүргүзгөндүгүңүздү моюнга алыңыз. Болбосо калп маалымат бергениңиз үчүн шайлоочулардан-бизден кечирим сураңыз”, — деп жазган Убышева.

“Мен калп айтпайм”

Евгения Строкова Эркина Убышеванын жазгандарын ПолитКлиникага калп деп атап, аталган долбоордо иштегенин билдирди:

“Бул анын калпы. Ал мени көрбөсө көрбөгөндүр, бирок мен аны чындап көргөн эмесмин. Бирок, мен Симерада иштегем, бир долбоор ЖМКга байланыштуу болгон, экинчи долбоор лингвалык билим берүү жөнүндө болгон. №73 мектепте мугалим болуп иштеп жатып ошол долбоорлордун алкагында иштегем. Мектептин директору менен байланышып сурап көрсөңүздөр болот. Эркина Убышева боюнча айтсам, анын пикири мени таптакыр кызыктырбайт. Мен иштегем, ошондуктан, резюмемде көрсөткөм. Андан айырмаланып мен калп айтпайм. Анын бул жалаалары эмнеге байланыштуу билбейм. Балким, өзүнүн ишмердүүгүнө байланыштуу ачык отчет берүүдөн коркуп жатса керек”, — деп билдирди депутат.

Ошондой эле долбоор боюнча документтери кайда экенин билберин жана эч кимдин астында жооп берүүгө милдеттүү эмес экендигин билдирди.

№73 мектептин директору Раушан Ниязбеков Строкованын долбоорлор менен иштегенин тактап, бирок кайсы уюм экени эсенде жок экенин билдирди:

“Евгения Строкова бизде мугалим жана завуч болуп ишеген. Завуч болуп калганда ошол долборлор менен иштеп, мугалимдерди алып жүрдү го дейм. Кайсыл уюмга тиешелүү долборлор экенин билбейм. Мектептин методикасын өркүндөткөнгө деген, анан уруксат берип койгом. Иштеп жатышты мугалимдер кошулуп. Ал жактан тренингдерден өтүп, анан бул жакка келип группа түзүп, заманбап бир нерселерди жасап жатышкан. Убакыт өтүп кетти, ал кишинин жумуштан кеткенине төрт жыл болду. Долбоорлор менен иштегени чын”, — деп билдирди мектеп директору.

«Smart Жаран» ассоциациясынын жетекчиси, ЖККБАнын ошол убактагы директору Эркина Убышева менен байланышканыбызда, Симеранын Жарандык коомду колдоо борборлорунун ассоциациясына эч кандай тиешеси жок экенин билдирди:

“ЖККБАда Строкова эч качан уюмдун кызматкери болуп иштеген эмес. Балким, ал SIMERA долбоорунда иштегендир, бирок бул долбоор эч качан ЖККБА тарабынан ишке ашырылган эмес. Биздин уюмда эч качан «Многоязычное образование» деген долбоор болгон эмес”, — деп билдирди Убышева.

Эркин Убышева берген документтерге ылайык, Жарандык коомду колдоо борборунун ассоциациясы мүчөлөрү төмөнкү уюмдар жана анын ичинде Строкова айым иштедим деген “Симера” уюму жок:

  • “Алга” аялдар ассоциация коомдук уюму;
  • Консалтинг” инициативаларды колдоо борбору коомдук уюму;
  • “Айкөл” жарандык инициативларды колдоо борбору;
  • “Лидер” жарандык инициативаларды колдоо борбору коомдук уюму;
  • “Нарын облустук коомдук уюумдарды колдоо борбору” коомдук уюуму;
  • “БӨУларды колдоо координациялык борбору” коомдук фонду;
  • “Ноокат — жарандык коомду колдоо борбору” коомдук уюуму;
  • “Эл аралык толлеранттуулук үчүн” коомдук фонду;
  • “Айбек” коомдук уюму.

Симера долбоору

Евгения Строкованын биографиясында жазылган Симера долбоору Швейцариялык БӨУнун продуктысы экенин долбоордун жетекчиси Айнура Жумаева убагында билдирген.

Бирок, Симеранын мурдагы директору Беатрис Шультер Строкованы тааныбай турганын комментарийге калтырган:

“Мен аны билбейм, мен CIMERA кеңсесинин директору жана 2001-2004-жылдары көп тилдүү билим берүү боюнча долбоордун жетекчиси болгом. Лира Карагулова негиздеген жергиликтүү бирикмеде иштеген окшойт”, — деп билдирген Шультер.

Cabar.Asia аналитикалык порталындагы маалыматка ылайык, Швейцариянын бейөкмөт уюму “Симера” 2003-2004-жылдары Кыгызстанда биринчилерден болуп көп тилдүү билим берүү долбоорун киргизүүгө аракет кылган, аны «Тил Дил» ассоциациясы улантып кеткен. Бирок, Кыргызстандын билим берүү министрлиги бул долбоорду андан ары жайылтуу демилгесин колдогон эмес.

Симера уюму өзүнун сайтына дагы аталган долбоор жөнүндө маалымат жазган. Анда Жарандык коомду колдоо борборлорунун ассоциациясы көрсөтүлгөн эмес.

Жыйынтык: “Симеранын” көп тилдүү билим берүү борбору долбоору болгону чын. Бирок ал Жарандык коомду колдоо борборлорунун ассоциациясына тиешеси жок. Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова өмүр баянында жарымы калп маалыматты көрсөткөн.

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты