Үс​өнбаев: «Коронавирусту жугузуп алуу шарттары белгисиз жагдайлар бар»

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирустун жугузуп алуу жагдайы белгисиз болуп жаткан учур тууралуу айтып, жарандар кийинки учурда эрежелерди сактабай жатканын эскертип, сак болууга чакырды.

-Бүгүнкү катталган 25 учурдун эки учуру чет өлкөдөн келген жарандардан жана 13 учур медициналык көзөмөлдө турган жарандардан аныкталган. Калган 10 учурдун жугузуп алган шарттары белгисиз, — деди.

Ошондой эле эрежелерди бузуп жаткандар көп экенин белгиледи.

Биз айткан эрежелерди бузуп, беткап тагынбаган, социалдык аралыкты сактабаган жана ооруга кайдыгер караган учурлар көп болууда. Эгер биз мамилени өзгөртпөсөк, санитардык талаптарды сактабасак, байланышты көбөйтө берсек, бул илдет мындан ары да таралып кетиши мүмкүн. Ошондуктан бардыгыңыздар этият болуңуздар, — деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты