​Коронавирустан бир аял көз жумду

8-июндагы маалымат боюнча республикада өткөн суткада коронавирус инфекциясынан 1 бейтап каза болду.

Нарын облустук ооруканасында 67 жаштагы аял көз жумду.

67 жаштагы аял COVID-19 дартынан улам абалы оорлоп,5-июнда ооруканага жаткырылган.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев анын каза тапкандыгын чоо-жайын мындай түшүндүрдү:

-Бул киши да үйдө жатып алган. Клиникалык белгилер чыга баштаганда тийиштүү кызматтарга кайрылып, мобилдик бригада барып, 5-июнда ооруканага жаткырылыптыр. 6-июнда Нарын облустук ооруканасынын инфекциялык госпиталына которулган.

Жалпы абалы начарлап, болгон мүмкүнчүлүктөр колдонулганына жана реанимациялык аракеттерге карабастан 7-июнда жүрөгү токтоп каза болуп калды. Диагноз койгондо коронавирустун эң оор түрү аныкталган. Эки тараптуу пневмония болгон, анемиясы да бар экен, кан басымы да жогорулап кеткен, -деди.

Республика боюнча жалпысынан 23 бейтап каза болгон.

8-июнга карата өлкөдө бир суткада COVID-19 инфекциясынын жаңы 25 учуру катталып жалпы саны 2032ге жетти.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты