​Мамлекеттик жана коомдук ишмер Авасбек Алымкулов дүйнөдөн кайтты

72 жаш курагында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, экономика илимдеринин кандидаты Авасбек Алымкулов дүйнө салды.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Алымкулов Авасбек Батырбекович 1948-жылы Талас облусундагы Талас шаарында туулган.

1970-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүрүп, Кыргыз ССР Министрлер Советине караштуу Борбордук статистика башкармалыгында улук экономист болуу менен эмгек жолун баштаган.

1981-1991-жылдары Москвадагы СССР ИИМ органдарында кызмат өтөгөн. Андан соң «Феникс» АКта (Москва шаары) маркетинг боюнча директор, Казакстандагы экономиканы илгерилетүү ассоциациясынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн башкы директорунун орун басары болуп иштеген.

1996-2000-жылдары Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын Интеграция комитетинде иштеген. Ошондой эле Москва шаарынын Соода-бажы башкы бөлүмүнүн башчысы, Социалдык-эмгек мамиле башкы башкармалыгынын (Москва шаарында) жетекчисинин орун басары, Алматы шаарында социалдык-эмгек мамиле башкы башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп эмгектенген.

Кийин да бир катар жооптуу кызматтарды аркалап келген.

Авасбек Алымкулов кесипкөй адис, талап коё билген жетекчи болгон. Алымкулов Авасбек Батырбековичтин жаркын элеси мекендештеринин, досторунун жана жакындарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты