Ала-Арча суусунан аял кишинин сөөгүн алып чыгышты

  • 4 года мурун

Куткаруучулар Ала-Арча суусуна түшүп кетип каза болгон аялдын сөөгүн суудан алып чыгып, райондук ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Бул туураалуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

6-июнда саат 14:00 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылындагы Ала-Арча жаратылыш паркында Ала-Арча суусуна аял киши түшүп кеткендиги тууралуу ӨКМдин 112-кызматына маалымат түшкөн.

Издөө иштерине ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын Аламүдүн райондук бөлүмү тарабынан 4 куткаруучу тартылып, саат 15:30дар чамасында Ала-Арча суусунан каза болгон аялдын сөөгүн алып, чыгып райондук ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты