«3-канал» телеканалынын кеңсесине өрт коюлду

  • 4 года мурун

7-июнда таңга маал Таласта «3-канал» телеканалынын кеңсесине өрт коюлду.

«Фейсбук» баракчасында Айбек Турдалиев билдиргендей, кеңсенин терезесинин айнегин сындырып, ичине күйүүчү аралашмасы бар бөтөлкөнү ыргытып кетишкен.

Телеканалдын жетекчиси Жаннат Токтосунова ЖМКга муну тастыктап, эмнеге байланыштуу билбей турушканын, бирок бул атайын жасалган деп эсептешээрин, себеби суюктугу бар бөтөлкөнү ыргытып кетишкенин айтты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты