​Коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин саны 395ке жетти

  • 4 года мурун

7-июнга карата бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Алсак, Нарын облусунда -3, Бишкек жана Ош шаарларында, Ош облусунда -1ден катталды.

Стационардан бир сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыкты.

Жалпысынан республикада COVID-19 вирусуна 395 медициналык кызматкер чалдыкканы катталды.

Алардын ичинен 275 медкызматкер стационардан айыгып чыкты.

7-июнга карата республикада бир суткада OOVID-19 инфекциясынын жаңы 33 учуру катталып, жалпы саны 2007ге жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты