COVID-19: Жаңы 33 учуру катталды. Бардыгы 2007ге жетти

  • 4 года мурун

7-июнга карата республикада бир суткада COVID-19 инфекциясынын жаңы 33 учуру катталды.

Анын ичинен:

Бишкек шаарында – 9;

Чүй облусу – 3;

Нарын облусу – 8;

Ош шаары – 9;

Ош облусу – 3;

Жалал-Абад облусу – 1.

-Бүгүн жаңы катталган 33 учурдун, 26сы медициналык көзөмөлдө турган жарандардан аныкталды. Бир учур чет өлкөдөн келип, обсервацияда жаткан мекендешибизден тастыкталды. Калган 6 жарандын вирус жугузуп алган шарттары тактала элек, — деди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Коронавируска кабылгандардын жалпы саны 2007 ге жетти.

Инфекциядан бир суткада 65 киши айыкты. Жалпысынан 1425 киши айыкты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты