​Казак тарап унаа топтолушуна күнөөлүү экенин моюнга алып, кырдаалды жөнгө саларын айтты

  • 4 года мурун

Чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги абал жөнүндө өкмөт 6-июнда билдирүү таратып, унаалардын кезек күтүп туруп калышына Казактан тарап күнөөлө экендигин мойнуна алып, кырдаалды оңдоого аракет кыларын айтты.

КР өкмөтүнүн билдирүүсүндө мындай деп айтылат:

-Актилек- автожол» көзөмөл-өткөрмө жайында (Кыргызстан тарабынан) Казакстан финансы министрлигинин кирешелер комитетинин текшерүү иш-чараларынын күчөтүлгөнүнөн улам 8 чакырым тыгынга алып келген 500дөн ашык жүк ташуучу унаа кезеги түзүлгөн.

Айдоочулардын маалыматы боюнча, чек арада Казакстанга кирүүдө токтоп туруу убактысы 3-4 сутка болгон.

3-июнда «Актилек- автожол» жана «Карасу» (Казакстан тарабынан) көзөмөл-өткөрмө жайларында кыргыз жана казак тараптын делегацияларынын өкүлдөрүнүн көчмө жыйыны өттү.

Бул кеңешменин жүрүшүндө тараптар «Актилек- автожол» жана «Карасу» көзөмөл-өткөрмө жайларында жүк ташуучу унааны өткөрүү убактысын бир унаа каражатынын мисалында аныкташкан. Ошондой эле үч саат ичинде өткөрмө жайлар аркылуу өткөн унаа саны эсептелген. Эки өлкө тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн хронометражында бир топ айырма бар.

Хронометраж көрсөткөндөй, «Актилек- автожол» көзөмөл-өткөрмө жайынан жүк ташуучу унааларды өткөрүү убактысынын узактыгына жана аларды кечиктирүүгө тийиштүү казак тараптын айыптоолору негизсиз.

Жүргүзүлгөн хронометраждын жыйынтыктарына ылайык, «Карасу» көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу жүк унаанын өтүүсү кыргыз тарапка салыштырмалуу кыйла узак болуп чыкты. Хронометраж боюнча 3 сааттын ичинде Казакстандан Кыргызстанга 61 унаа каражаты чыкса, Кыргызстандан Казакстанга 21 унаа кирген.

Белгилей кетчү нерсе, кеңешме учурунда казак тарап унаалардын топтолушуна казакстандык жак күнөөлүү экендигин мойнуна алды жана борбордук бийлигине болуп жаткан учурдагы кырдаал тууралуу маалымдоого ишендиришти.

Хронометраждын жыйынтыктары казак тараптын буга чейин жетишилген макулдашууларды жана ЕАЭБ жөнүндө Макулдашуунун жоболорун бузганын күбөлөндүрүп турат.

Ошону менен бирге кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы 24-январдан бери жабык экендигин билдиребиз. Ошентип казак тараптын Кытайдан товарлардын көмүскө реэкспортуна тийиштүү кооптонуусу ашыкча.

Кыргызстандык жак казак тарапты мындай тоскоолдуктарды келтирбөөгө чакырат, — деп билдирди Кыршыз өкмөтү.

Кыргыз-казак чек ара тилкесинде 300-400 унаа көп күндөн бери кезек күтүп турат.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты