ЖАМК: Тергөө абак жайында нааразылык эмес, куттуктоо акциясы өттү

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы 5-июнь түнү Бишкектеги Геология чолок көчөсүндө жайгашкан №1 тергөө абак жайында каршылык акциясы эмес, камактагылардын бирин куттуктаган акциясы өттү деп билдирди.

Тергөө учурундагы абак жайында жаткандар болжол менен жарым сааттай темирди кашык менен ургулагандай такылдатып турушканын социалдык тармактарда ал тегеректе жашагандар билдиришкен.

Ал эми Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы мындайча комментарийледи:

«Кечээ, 5-июнда, камактагыларды биринин туулган күнүн белгилешкен. Камактагылар бири-бирин сөз менен куттуктай алышпагандыктан эшикти каккылап куттуктагандыгын билдирген».

Мындай окуялар дүйнөнүн пенитенциардык системасында боло жүрчү көрүнүш экендигин да белгилей кетишти.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты