Орусиянын Канттагы авиабазасынын статусунун өзгөрүүсү эмнеге кооптуу? Эмил Жураев жиликтеп берди (ВИДЕО)

«ПолитКлиника» медиасынын «Сереп» берүүсүндө белгилүү саясат талдоочу Эмил Жураев Канттагы Россиянын авиабазасынын статусунун өзгөрүүсүндөгү кооптуу жагдайларга, тобокелдиктерге токтолду.

Тынчсызданууга негиз барбы?

-Саламатсызбы Эмил мырза, парламентте Канттагы Орусиянын авиабазасынын туруусунун статусун жана шарттарын өзгөртүү боюнча документти ратификациялоо Жогорку Кеңештин күн тартибине коюлуп, кайра алынып салынды. Ушуга байланыштуу коомчулукта документ парламентте ратификация болгондон кийин учуу-конуу тилкесинин менчик укугу Россияга өтөт экен деген пикирлер байма-бай айтылып жатат. Орусиянын ТИМи бул маалыматты туура эмес деди. Ошондон улам мындай суроо:

— Бул маселе кайдан жаралып калды деп ойлойсуз? Тынчсызданууга негиз барбы же жокпу?

— Чет өлкөлүк аскердик базалар дайыма коомчулуктун талкуусунда болот. Эгемен өлкө үчүн башка мамлекеттин Куралдуу күчтөрү орун алып, иш-аракеттерин жасап жатканы — кооптуу нерсе. Ошонун эле негизинде бир канча жыл бою АКШнын Куралдуу Күчтөр базасын талкуулап келдик.

Биздин түшүнүгүбүздө азыр өзгөртүү киргизилип жаткан жаңылыктар, элди толкутуп жаткан нерсе — ошол Канттагы аба жайынын учуп-конуу тилкесин оңдоп-ремонттош керек экен. Аны оңдоо үчүн, Россия тараптын жүйөсү боюнча,оңдоо үчүн каражат алардын бюджетинен бир гана шарт менен бөлүнөт, эгер ошол жасалгалоо, жакшыртуулар Орусиянын менчигинде калса деп айтылат.

Анда түзүлгөн келишимде “неотделимые части”-“ажыратылгыс бөлүктөрү” деп жерге жабышып турган, көтөрүп кетпей турган мүлктөр менчике өтөт деп кошулуп калып жатпайбы, бул — өтө кооптуу түшүнүк.

Кээ бир депутаттар, ошол эле эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Исхак Пирматов айтып кетиптир, “жакшылап окугула, бул плита, асфальтка гана менчик калат” деп. Биз, албетте, түшүнүп турабыз, Россия жерге эмне чаптаса, ошого менчик кылат деген жүйө. Бирок “неотделимые части” –“ажыратылгыс объекттер”, жер, кыймылсыз мүлк ажыратылгыс объект болот, ошолорго менчикке ээ болот деген сөз.

Эгер макулдашуу болуп калса, россиялык аскерлер кандай жол менен аны колдонушат, андан башка дагы кандай иш-аракеттер болушу мүмкүн деген суроо туулат. Эгер практикалык жактан карасак, эч нерсе деле болбосо керек дейсиң, бирок дагы эскертмеси, Россия менен Кыргызстандын келишим мөөнөтү аяктаган кезде, менчиктин баары Кыргызстанга калат деген жобосу бар.

Бирок, аны күткөндө деле, аскердик база качан жабылат, ошол мөөнөт качан келет деген суроо коюлбайт деле. Россиянын түшүнүгү боюнча, бул эч качан келбей деле турган мөөнөт. Башкача айтканда Кыргызстандын учактары колдонуп жүргөн тилкелер Россиянын менчигине өтүп калчу түргө келип калып жатат.

Эгемен Кыргызстан үчүн кооптуу жагы бар

— КР Башкы штабы өзгөртүү авиабазанын ижара акысынын кымбаттаганына байланыштуу деп айтып жатат. Базанын туруу статусун өзгөртүүгө эмне себеп болуп жатат деп ойлойсуз? Кандай өзгөрүүлөр кирет? Анын Кыргызстанга кандай таасири тийиши мүмкүн?

— Менимче, бир канча жылдардан бери бир топ өзгөртүүлөр киргизилип келе жатат. Дагы бир чоң өзгөртүү жана базаларды Кыргызстанда калтыруу мөөнөтү узартылып коюлган келишимге 2012 -жылы кол коюлган. Атамбаев президент болуп келгенде. Ошондо 15 жылга калтырылган, 2027-жылга чейин.

Ошол эле келишим менен Кыргызстанда Россиянын бир канча аскердик базасы, объектиси бар, Кантта гана эмес, Ысык-Көлдө жана башка, 4-5 объектиси биригип, Кыргызстандагы бириккен аскер базасы деп, алардын баарын бир муштумга алып келип, бир объект болуп калды.

Мунун баары эмнени түшүндүрөт?

Биз үчүн, Кыргызстан, эгемен өлкө үчүн эң эле кооптуу, анчейин жакшы эмес нерсе, бул чет мамлекеттердин, өзгөчө башка үчүнчү мамлекеттер менен талаш-тартышы көп, чет өлкөлөрдө аскердик иш-аракеттерге катышып жүргөн мамлекеттердин аскердик базасын калтыруу, ого бетер күчтөндүрүү, менимче өтө кооптуу нерсе. Акыркы эле мөөнөттө байкасаңыздар, жаңы келишимдин негизинде ремонт гана эмес, жаңы объектилер, жаңы аппараттар да келатат, Россиянын аскерий куралдарында колдонулуучу жакында иштелип чыгылган дрондор. Андан да күчтүүрөөк коркуткан нерсеси, бул “Бук”-ракета-зенит комплекси, жаңылбасам, эки комплекс келатат дешет. Бул ойго келбеген, түшүнүүгө туура келбеген нерсе. Кыргызстанда “Бук” эмне үчүн керек? “Бук” менен кимге каршы согушат, кимге каршы колдонулат деген суроо туулат.

— Кыргызстанга ушул сыяктуу зыяндары бар турбайбы.

— Албетте, Кыргызстан ошондой өзүбүздүн кошуналардын эле арасында, Өзбекстан, Тажикстан, баары карап турган кезде башка мамлекеттин көз карандысында калган статуска келип, аброюбузга жакшы эмес.

Базаларды кармап туруу каражат жагынан да чоң жүйө эмес

— Кыргызстанга Канттагы россиялык базанын пайда жагы барбы?

— Биздин мамлекеттин, өкмөттүн жүйөсү — Кыргызстандын Куралду Күчтөрүн оңдоого, күчтөндүрүүгө, мамлекеттин коопсуздугуна өбөлгө болот деп айтып келишет. Менимче, Кыргызстандын коопсуздугуна өбөлгө болушунун кереги да жок. Аскерий иш-аракеттер башталып кетсе, ар кандай, өтө чоң тобокелчилик пайда болушу мүмкүн. Алардын төлөгөн каражаты жылына 4 млн 500 миңдей, аны жаңыртабыз деп жатышат, бирок Кыргызстандын бир топ жериндеги мындай объект үчүн, анан Россиянын аскерий чыгымдарына салыштырып келгенде, бул — символикалуу төлөм, Кыргызстандын бюджети үчүн деле. .

Аскерий базалар дүйнөлүк практикада деле мындай арзан төлөнбөйт. Базаларды кармап туруу каражат жагынан да чоң жүйө эмес.

— Россиянын Президенти Владимир Путиндин Канттагы авиабазаны Кыргызстандын ал кездеги жетекчилиги 1999-2000-жылдары эл аралык террористтер басып киргенде жайгаштырууну суранган деп айтканы бар. Канттагы база — биринчи кезекте Кыргызстандын коопсуздугу үчүн түзүлгөн деген.

— Канттагы база Гансидеги базага жооп катары ачылган, аны унутпашыбыз керек. Канттагы база Гансиге теңата, Россиянын президентин капа кылбайлы деп ошол кездеги президентибиз Акаев Путин менен сүйлөшүп ачышкан болчу. Кичине болсо да, америкалыктар келдиби, эми россиялыктарга да орун берели дегендей эле болгон. Ысык-Көлдөгү торпедо базасы, ал мурдатан эле, Советтер Союзунан калган.

— Ошондо ал база биздин коопсуздугубузду камсыз кылып турабы?

— Менимче, камсыз кылбайт. Коопсуздукту камсыз кыла турган күчү деле жок. Канттагы база кичине, буга чейин айтылып келбеди беле, террористтик иш-аракеттер бар деп. Ал жерде террористтерге каршы күрөшө турган күчтөр жок , аны авиабаза дейт, самолет менен күрөшпөйт да террористтерге каршы, ракета-зениттик курал менен террористтерге каршы күрөшө албайт да.

Террористтер менен ким күрөшөт? Спецназ, жоокерлер күрөшөт, Кантта андай жок, башка жерде дагы. Биз эч ким менен согушпайбыз, башка өлкө менен согушчу, талашчу эч кандай маселебиз жок, талашчу болсо, кудай сактасын, ошол эле Россия да биз менен кошо катышпайт.

— Жакында эле кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан учурда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бул чатакты жөнгө салууда Орусия эки өлкөгө ортомчу болгонго даяр экенин билдирди. Буга улай эле Тажикстан Орусиянын элчилигине нота жиберди. Биз тараптан андай кадам жасалган жок. Лавровдун бул пикирине кандай комментарий бересиз?

— Мен ал кандай жагдайда, кандай контексте айтканын билген жокмун, бирөөлөр суроо берген болушу керек, Россия кандай карайт деп. Албетте, эгер эки тарап талашып жаткан болсо, үчүнчү тарапка кайрылуу — болуп эле жүргөн нерсе. Мисалы Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин талаштарында, көп жерлерде үчүнчү мамлекеттер катышып эле жүрөт. Бирок үчүнчү тарап катышты деген нерсе, чындыгында өтө кооптуу, чечилбей калган маселе бар деп моюнга алуу керек болот. Азыр эки мамлекет-Тажикстан менен Кыргызстан “өзүбүз чечебиз, биз боордош , жакын элдербиз, тарыхыбыз бир, чечүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар” деген жүйө менен ушуга чейин четке кагып келишет.

Бирок бул жерде, менимче, үчүнчү тарап чечүүгө жардам берүүсү мүмкүн дегенди четке кагуу да туура эмес. Бардык альтернатива, бардык опция каралышы керек.

Биз акыркы кездерде көрүп жаткандай, Душанбе бийлиги биз менен конструктивдүү иш алып бара жатканына көз жетпей турат. Дээрлик күн сайын, жума сайын ар кандай иштер болуп жатат. Эгер мамлекеттер аны кааласа, саясий эрки болсо, мындайды болтурбоого толук мүмкүнчүлүгү бар. Бирок аны токтотпой жатышат. Андыктан мүмкүн, кайсы бир деңгээлде, эки жак тең макул болсо, медиатор сыяктуу же байкоочу, арбитр катары үчүнчү тараптын жардамын суроо, менимче, такыр эле ойго келбес жаман нерсе эмес. Бирок, менимче, бул Россия же башка бир мамлекет эмес, бейтарап, эл аралык уюм болгону туура. Ушундай конфликттерди чечүүдө тажрыйбасы бар мамлекет болушу керек.

Россия андайды чечмек турсун, өзү талашып жүрбөйбү, Украинанын жарымын, Грузиянын жарымын, Молдованын бир канчасын тартып алып. Бизге андай жардамчы керек эмес.

Россиялык базаны акырындап чагарууну дипломатиялык жол менен деле түшүндүрүү керек

— Ратификация маселесине кайра кайрылып келсек. Келишимге өзгөртүү киргизүү документине 2019-жылдын март айында эле кол коюлуптур. Эмне себептен Жогорку Кеңеште ал дээрлик бир жылдан кийин ратификацияланганы жатат деген суроого кандай жооп берер элеңиз?

-Ошону мен да жакшы билбей калдым, дээрлик бир жылдан ашык убакыт бою каралып жатыптыр. Мындайлар көп болот, жылдап, эки-үч жылдап деле ратификация болбой жүргөн документтер бар. Бирок Россия менен, биздин эң негизги өнөктөш менен, анан маанилүү аскердик базанын үстүндө болуп жаткан келишимге бизде, Кыргызстанда өтө бат кыймылдачу эле. Мүмкүн кайсы бир деңгээлде Кыргызстанда болуп жаткан саясий дүрбөлөң, талаш-тартыштар (бир жыл мурун билесиз, мурдагы президентибиз тополоң салып жаткан), мүмкүн мындай кырдаалда талкуу жаратчу талаштуу маселени алып чыгышкан эмес. Азыр көрүп жатпайбызбы кандай талкуу болуп жатканын.

— Азыр ратификация маселеси кандай чечилет деген ойдосуз?

— Ратификация болчу документ боюнча билбейм, эгер парламент дити барып, ратификацияга макул эмеспиз дечү болсо, мүмкүн кабыл алынбай калаар. Анда россиялык тарап айтып жаткан ремонт иштери жасалбай калышы мүмкүн.

А негизи стратегиялык маселеге кайрылсак, Россиянын Кыргызстандагы аскерий дислокациясын, базасын акырындап чыгарганга аракет кылышыбыз керек. Аны дипломатиялык жол менен Россиянын өзүнө деле түшүндүрүшүбүз керек. Бизге мамлекет катары экономикалык, социалдык, гуманитардык, маданий жактан эң тыгыз байланышта болуп келаткан мамлекет үчүн аскерий тараптан мындай байланып турганыбыз, менимче, кереги жок, ашыкча.

Сиздер менен “ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө белгилүү саясат таануучу Эмил Жороев болду.

Саясат талдоочу Эмил Жороев бул базанын статусунун өзгөрүүсүндөгү кооптуу жагдайларга, тобокелдиктерге токтолду.

Маекти алып барган Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты