​Үй-бүлөдө зомбулук көрсөткөн киши 48 саатка камалат

  • 4 года мурун

Үй-бүлөлүк зомбулук жасоого шектүү кишини 48 саатка чейин кармоо чарасы каралган.

Үйүндө зомбулук жасаганы боюнча шектелген киши төмөнкүдөй негиздерде кармалышы мүмкүн:

1) Эгерде үй-бүлө мүчөлөрү же башка жакындарынын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туулса;

2) шектүү мас абалында коркунуч келтирип жатса;

3) шектүү коркунуч келтирүүнү улантат деп эсептелгенде, 48 саатка камалат.

Президент Сооронбай Жээнбеков 5-июнда «КР Жазык-процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеште 2020-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты