​Бишкектеги №1 тергөө абак жайында каршылык акциясы өттү

5-июнь түнү Бишкектеги Геология чолок көчөсүндө жайгашкан №1 тергөө абак жайында каршылык акциясы болду.

Тергөө учурундагы абак жайында жаткандар болжол менен жарым сааттай темирди кашык менен ургулагандай такылдатып турушту.

Бул тууралуу социалдык тармактарда ал тегеректе жашагандар билдиришти.

Адатта алар нааразылыгын ошентип билдиргени белгилүү.

Аталган убактылуу абак жайында кылмышка шектелген Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаков, белгилүү саясатчы Равшан Жээнбеков жана башкалар тергөө иш-чарасы учурунда жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты