​Бир катар саясатчылар стратегиялык өнөктөштүккө бирикти

Кыргызстанда бир катар саясатчылар «Жаңы дем» аттуу ураан алдында стратегиялык өнөктөштүккө бириккенин жарыя кылды. Алар шайлоого да чогуу аттанышарын айтышты.

Меморандум 5- июнда кабыл алынды. Меморандумга Өмүрбек Текебаев («Ата Мекен» социалисттик партиясы), Темир Сариев («Ак шумкар» саясий партиясы), Жанарбек Акаев (Кыргыз либералдык-демократиялык партиясы), Рыскелди Момбеков (Социал-демократиялык тобу), Тилек Токтогазиев («Жаңы Дем» жаштар бирикмеси) жана Азамат Темиркулов («Жашыл күчтɵрдүн коалициясы») кол коюшту.

«Бизде өлкөдө реалдуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу үчүн саясий эрк гана эмес, административдик, уюштуруу жаатында кандай кадамдарга жасаш керектиги боюнча так көз караш, план бар.

Биздин бирикме бай тажрыйба менен заманбап түшүнүктөр, жаңы көз караш менен саясий акылмандыкты жуурулуштуруп турат.

Биз элибиздин каада-салты, баалуулуктары жана уникалдуу маданиятты сактоо жаатында консерваторбуз.

Реформаторлук көз карашты бекем сактайбыз.

Биздин альянс — бул шайлоо алдындагы гана долбоор эмес. Узак мөөнөттүү максаттарыбыз бар.
Жакынкы максатыбыз — келе жаткан парламенттик шайлоого катышуу жана жаңы күч катары элибиздин ишенимине ээ болуу.

Биз «Жаңы дем» деген ураан алдында бириктик жана Кыргызстаныбызга жаңы дем болчу саясий күчтөрдүн жаңыланышын максат кылабыз.
Биз бардык саясий партиялар, жарандык коом өкүлдөрү менен конструктивдүү кызматташууга даярбыз жана мекендин келечегине кайдыгер карабаган жарандарды өз катарыбызга чакырабыз.

Бирикмебиздин кийинки кадамы катары Кыргызстанды өзгөртчү конкреттүү иш-аракеттердин «жол картасын» жарыялайбыз.

Биз учурдагы тарыхый мүмкүнчүлүктү толугу менен колдонуп калууга милдеттүүбүз. Өлкөбүздүн ар бир жараны өнүккөн, байгер шартты кайсы-бир учурда деп күтүп отурбай, эртең сезгендей иштерди аткарышыбыз керек» дешти алар.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты