​Парламент кыргыз-өзбек чек арасындагы чатак тууралуу өкмөттүн маалыматын укту

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 4-июндагы жыйынында депутаттар биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун Баткен облусундагы кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр-чатак тууралуу маалыматын укту.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, чыр-чатак 31-майда саат 12:45те Чечме –Булак суусуна жакын жердеги аныкталбаган тилкеде, Кадамжай районунун Чечме жана Сох анклавынын (Өзбекстан) Чашма айылынын тургундарынын ортосунда болгон. Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын ортосундагы бул булак кимге таандык деген талаш жаңжалга алып келген.

«Ошол эле күнү тиешелүү чаралар көрүлүп, анын натыйжасында түнкү саат 11лерде абал турукташтырылды”,- деп белгиледи.Кубатбек Боронов.

Анын маалыматы боюнча, кыргыз тараптан 25 адам жабыркаган, алардын экөө оор абалда. «Жабырлангандар Айдеркен шаарында дарыланып жатышат” деп кошумчалады биринчи вице-премьер-министр.

Ошондой эле Кубатбек Боронов Өзбекстандын премьер-министри А.Арипов менен Баткен облусундагы “Чечме-Автоунаа” өткөрмө пунктунда болгон жолугушуусунун жыйынтыктары тууралуу да айтып берди. Бул жолугушуу 1-июнда өткөн. Анда тараптар чыр -чатакты ырбатпоо жана чек аралык кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулашкан. «20-июнда паритеттик негизде комиссиянын жыйынын өткөрүү пландаштырылып жатат. Анда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери каралат” -деп кошумчалады Боронов.

Жогорку Кеңештин бул маселе боюнча талкуусу өкмөттүн сунушу менен жабык эшик артында улантылууда.

Маалымат алууну депутат Закир Шарапов демилгелеген.

Бүгүн, 31-майда Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Сох анклавынын Чашма айылынын (Өзбекстан) тургундары ортосунда чыр чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты