​8-июндан тартып мечит, чиркөөгө коюлган чектөөлөр алынат

  • 4 года мурун

8-июндан тартып диний уюмдарга – мечит, намазкана, чиркөөгө коюлган чектөөлөр алынат.

Мындай чечимди республикалык штаб Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жана башка диний мекемелердин өкүлдөрү менен кеңешкенден кийин кабыл алды.

Бул жайларда санитардык чаралардын сакталышы: беткап тагынуу, кире бериште келгендердин дене табын өлчөө, социалдык аралыкты сактоо камсыз кылынышы керек.

18-мартта Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учурлары катталган. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, бардык мекеме-ишканалар менен катар мечиттер да убактылуу жабылган, аба каттамдары токтотулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты