​Равшан Жээнбеков 18-июлга чейин камакта калтырылды

  • 4 года мурун

Бишкек шаар соту саясатчы Равшан Жээнбековду үй камагына чыгаруу сунушун четке какты.

Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев ЖМКга билдирди.

Анын айтымында, шаар сотунун чечими менен Жээнбеков 18-июлга чейин №1 тергөө абагында камакта калтырылды.

Чыгарылган чечим менен алар макул эместигин билдиришти. Анын себеби Жээнбековго коюлуп жаткан айыптар далил менен негизделген эмес.

Саясатчы Жээнбековдун абактан жазган каты менен бул шилтемеден таанышсаңыздар болот.

Кыргыз элинин бир катар көрүнүктүү инсандары Равшан Жээнбековдун Кой-Таш окуясында каршылаш тараптардын ортосунда медиатор катары жасаган иш-аракеттерин эске алып, Президенттен, укук коргоо жана сот органдарынан үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн.

12 –декабрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков камакка алынган.

Равшан Жээнбеков оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча, тактап айтканда, “Альфа” атайын отрядынын кызматкерлерин барымтага алуу, жапырт баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алуу беренелери боюнча шектелип жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты