​Дагы 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды

  • 4 года мурун

4-июнга карата бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Анын ичинен Ош шаарында -4, Бишкек шаарында – 2, Нарын облусунда-1.
Стационардан сутка ичинде 5 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19га кабылган медицина кызматкерлеринин саны 372 ге жетти.

270 медкызматкер стационардан айыгып чыккан.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында айтылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты