​Премьер-министрдин өргүүдө жүргөнү сынга алынууда

Депутаттар Максат Сабиров жана Жанарбек Акаев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин азыркыдай жооптуу учурда кыска мөөнөттүү өргүүдө жүргөнүн сынга алды.

Бүгүн, 3-июнда, парламенттин жалпы жыйынында депутат Максат Сабиров чек арада абал күчөп, өлкөдө өзгөчө кырдаал өкүм сүрүп жатканда премьер-министрдин эмгек өргүүгө чыкканын сындады:

«Өткөндө Тажикстандын чек арасында кагылышуу болду. 31-майда Өзбекстан менен чек арада чыр чыкты. Өзгөчө кырдаал режими өлкөдө алына элек. Премьер-министр кайда жүрөт? Эмнеге ал ушундай кырдаалда отпускага кетет? Армениянын премьери коронавирус жугузуп алып, бирок үйдө иштейм деди. Биздики эс алып жүрөт. Азыр ишти вицелерге тапшырып коюп, эс алып жатчу убакыт эмес».

Ошондой эле депутат Жанарбек Акаев «Фейсбук» баракчасында сынга алды:

-Чек арада чатак чыгып, жүк ташуучу машинелер Казакстанга өтө албай чакырымдап тизилип турат, бюджет тартыштыгы абдан чоң. Премьер-министр болсо «тергөөгө кийлигишпейин» деп убактылуу эс алууга кетти. Тарых музейи, ТЭЦ сыяктуу коррупциялык иштер жылдап тергелип жатат, эмне бул иш бир жумада эле тергелип бүтөбү? Же бир жыл бою тергөө созулса, кыргыз эли бир жыл өкмөт башчынын ишке чыгышын күтөбү?-деди депутат.


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев радио жыштык ресурстары боюнча кылмыш ишине катыштыгы жок экендигин, бирок кылмыш ишине териштирүүгө тоскоол болбош үчүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө кете турганын өкмөттөгү кеңешмеде билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев 20-майда парламент жыйынында жыштык сатуу боюнча дээрлик 5 млрд сом мамлекеттик бюджетке түшпөй калганы жана бул коррупциялык иште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катыштыгы жок экенин далилдесин деп билдирген.

Өкмөттүн басма сөз кызматы Жанар Акаевдин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин байланыш чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга тиешеси бар деген билдирүүсү негизсиз деп жооп узаткан.

«Териштирүү иштери жүрүп жатканы боюнча маалыматыбыз бар. Өкмөттүн тергөө иштеринин жүрүшү боюнча комментарий берүүгө укугу жок. Анткени бул тергөөнүн жүрүшүнө басым жасоо катары кабыл алынат».

Сурөт: gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты