​Президенттин жардамчысы кадр кызматынын директорунун орун басары болду

Жаңылыктар

Абдулазим Курманов мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары болуп дайындалды.

Бул тууралуу буйрукка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Президенттин башка буйругу менен ал Президенттин жардамчысы кызматынан бошотулду.

Калыбек Алышбаев башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу кадр кызматынын директорунун орун басары кызматынан бошотулду.

Жаңылыктаркадр кызматыдиректорунун орун басарыАбдулазим КурмановКалыбек Алышбаев