«Азаттыктын» журналисттерин каралоо уланууда»

Түркияда киши колдуу болгон кытайлык Айеркен Саймаитиге байланыштуу Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын жыйынында, 2-июнда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек Айеркен Саймаити карызынын жарымын өндүргөндөн кийин журналисттерге финансылык каражат берген деген көрсөтмөлөр болгонун билдирди.

Буга Эркин Европа/Азаттык радиосунун президенти Жейми Флай «Азаттыктын» журналисттерин каралоо уланып жатат деп айтканы аталган басылмада жарык көрдү.

УКМК тергөө башкармалыгыныг өкүлү Самидин уулу Сагынбек убактылуу депутаттык комиссия жыйынында мындай деди:

“Айеркен Саймаити менен Хабибулла Абдукадырдын ортосунда 2016-2017-жылдардан баштап акча тууралуу карама-каршылыктар пайда болгон. 2017-жылдын май айында Хабибулла Абдукадырдын өкүлдөрү Саймаити менен сүйлөшүү жүргүзүп, ага беш жыл үчүн үч миллион доллардан ашык доо коюшат, карыз болуп калдың деп. Ошонун негизинде тирешүү пайда болуп, Айеркен Саймаитинин үстүнөн Абдукадырдын өкүлдөрү ички иштер органдарына арыз жазып, иш козголуп, анын негизинде Саймаити адегенде Бишкекке, кийин Казакстан аркылуу Түркияга качып кеткен деген көрсөтмө бар.

Саймаити койгон бул доону мойнуна албай, кайра “Абдукадыр мага карыз” деген доо коюп жүргөн. Түркияда дагы карама-каршылыктары уланып келген. Саймаитинин жанында жүргөн күбөлөр айтып бергендей, ал акчасын өндүрүү максатында ар кандай ыкмаларды колдонуптур. Ошондой ыкмалардын бири – журналисттерди жалдап, ошолор аркылуу ага басым көрсөтүү аракеттери болгон экен. Күбөлөр берген көрсөтмө боюнча “Азаттык” радиосунун журналисттерине да кайрылып, маалыматты бере баштаган. Карызын жарым жартылай өндүргөндөн кийин финансылык каражат дагы берген деген көрсөтмөлөр болду, ушул иштин алкагында” деп билдирди УКМК өкүлү Самидин уулу.

Эркин Европа/Азаттык радиосунун президенти Жейми Флай «журналисттер акча алган» деген билдирүүсүн «журналисттерди каралоо» деп баалаганын аталган басылмада билдирди:

«Бул айыптоо журналисттерге каршы өз байлыгын жана бийлигин сактап калууга умтулган коррупциялашкан адамдардын буга чейин жүрүп жаткан өнөктүгүнүн акыркы аракетиндей көрүнөт. Матраимов мырза журналист Али Токтакуновду жана “Азаттыктын” кыргыз кызматын сотко берип, былтыр декабрда кызматыбыздын банк эсебин камакка алынып, кийинчерээк кайра чыгарылган. Биз чындыкты бурмалаган мындай аракеттерди айыптап, кыргыз бийлигин иликтөөгө катышкан журналисттердин коопсуздугуна коркунуч келтиргендерди жоопкерчиликке тартууга үндөйүз» деп айтканы «Азаттыкка» жарыяланды.

Стамбулда 2019-жылы 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган.

Анда 700 млн доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Быйыл 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген иликтөө жарыяланган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты