Канттагы россиялык аскер базасы жайгашкан жер Россияга берилеби?

Жогорку Кеңеште Канттагы Россиянын Аскер аба күчтөрүнө тиешелүү протоколго өзгөртүү киргизүүнү ратицификациялоо 4-июнда каралганы жатат.

Протоколдун тексти 2019-жылдын 22-мартында Президент тарабынан колдоого алынган. Ага эки тарап өткөн жылдын 28-мартында кол койгон.

Президент Владимир Путиндин 2019-жылы Кыргызстанда өткөн мамлекеттик сапарынын алкагында Орусиянын бирдиктүү аскер базасы боюнча келишим жаңыртылган.

Протоколго ылайык, базанын аянтын кеңейтүү жана учкучсуз аппараттарды колдонуу эрежелерине өзгөртүү киргизилген.

«Учуу –конуу тилкесин реконструкция кылгандан кийин менчик укугу россиялык тарапка өтөт. Россиянын Коргоо министрлигинин өкүлүнүн маалыматына ылайык, менчик укугун бербей туруп, жакшыртууга акча каражаты каралбайт».

Башкы штаб документтин мына ушул жерине өзгөртүү киргизип, келишим аяктагандан кийин ал объектти кайтарып алууну көздөп жатканы айтылат.

Бул тууралуу «Кактус медиа» жазып чыкты.

Ал эми КР Башкы штабы карала турган долбоордо негизинен Канттагы авиабаза үчүн төлөнүучү ижара акысы тууралуу сөз жүрөт.

Эки өлкөнүн парламенттеринин ратификациясынан өткөндөн кийин күчүнө кире турган протоколго быйыл өткөн жылы 28-мартта Путин Бишкекке келгенде кол коюлган.

Жаңы макулдашууга ылайык, Кыргызстандагы бирдиктүү базанын жалпы аянты 58,3 гектарга чейин кеңейтилип, анын эсебинен ижаранын жалпы суммасы жылына 4,5 млн. доллардан 4,79 млн. долларга көтөрүлмөй болгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты