​Кыргыз-тажик чек арасында кыргызстандык жаракат алды

  • 4 года мурун

Чек ара кызматы 2-июнга караган түнү Баткенде, кыргыз-тажик чек арасында белгисиз кишилер кыргызстандыкка ок атканын билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Эски-Таш аймагында түнкү саат 01.20 чамасында Тажикстан тараптан белгисиз адамдар аң уулоочу куралдан Ош-Исфана жолунда бара жаткан кыргызстандык жаранды бир нече жолу аткан.

Кыргызстандык айдоочу октон жеңил жаракат алып, Самаркандек айылындагы ооруканасына жаткырылган.

Эки тараптын укук коргоо органн өкүлдөрү жолугушканын, милициятергөө иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты