​Ошто эки медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды

Жаңылыктар

Ош шаарында 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Ал эми республика боюнча стационардан бир суткада 2 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан COVID-19 жуктуруп алнан медициналык кызматкерлердин саны – 364кө жетти.

254 медкызматкер айыкты.

2-июнда бир суткада республикада COVID-19 инфекциясынын жаңы 28 учуру аныкталып, бардык саны 1845ке жетти.

38 киши айыгып чыкты, айыккандардын жалпы саны 1219 болду.

Нарында 79 жаштагы аял коронавирустан каза тапты.

Жаңылыктаркоронавирусмедициналык кызматкержуктурдуОш