Нарында коронавирустан 79 жаштагы аял каза тапты
- 4 года мурун
2-июндагы маалымат боюнча, Нарын облустук ооруканасында 79 жаштагы аял COVID-19 инфекциясынан каза тапты.
Саламаттык сактоо министри Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, ал бейтаптын башка да оор дарттары болуп, бардык аракетке карабай көз жумду.
Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 17 кишини түздү.
2-июнда бир суткада республикада COVID-19 инфекциясынын жаңы 28 учуру аныкталып, бардык саны 1845ке жетти.
38 киши айыгып чыкты, айыккандардын жалпы саны 1219 болду.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү