​Минск-Бишкек каттамы менен чет өлкөлөрдөгү 179 жаран кайтты

  • 4 года мурун

Бүгүн, 2-июнда, Беларустан, Минск шаарынан, «Avia Traffic Company» авиа комппаниясынын учагы менен бир катар чет өлкөлөрдөгү кыргызстандык 179 жаран кайтты.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Бул каттам Кыргызстандын Беларустагы элчилиги тарабынан Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин көмөктөшүүсү менен уюштурулду.

Бул аба каттамы менен кыргызстандык жарандар Австрия, Армения, Беларусь, Венгрия, Улуу Британия, Германия, Литва, Италия, Испания, Нидерланды, Польша, Украина, Франция, Чехич, Швеция, Швейцария, Эстониядан кайтты.

Кайткан жарандар обсервацияга алынат.

Сүрөт: КР ТИМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты