Өзбекстан ТИМи чек арадагы чырды «жергиликтүү мүнөздөгү окуя» деп атады

  • 4 года мурун

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавынын Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыккан чырды “жергиликтүү мүнөздөгү окуя” деп атады.

Министрликтин “Фейсбуктагы” баракчасында жарыяланган билдирүүдө эки тарапта тең жабырлануучулар бар экени, аларга медициналык көмөк көрсөтүлгөнү белгилеген.

Маалыматта чек арага жакын жайгашкан облустун жетекчилери сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, окуя көзөмөлгө алынганы айтылат. Тараптар мындан ары булак тазалоо иштерин алдын ала макулдашуу менен жүргүзүү зарыл деген пикирге келишкен.

“Эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен Чашма булагын чогуу колдонуу боюнча макулдашуу бар”, – деп айтылат билдирүүдө.

31-майда саат 12:30 чамаларында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавынын Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан. Чыр эки тарап Чечме айылындагы булакты бирге тазалап жатканда ”булак бизге таандык” деп сөз талашкандан чыккан.

Бул окуяга байланыштуу 1-июнь күнү Баткен облусундагы «Чечме» өткөрмө пунктунда Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жолугушкан. Сүйлөшүүнүн натыйжасында Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөтү чек арадагы соңку окуяны биргелешип иликтөөнү жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну макулдашкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты