​Боронов Кадамжайда жергиликтүү калк менен жолугушту

  • 4 года мурун

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районунун чектеш айылдарынын жашоочулары менен жолугушту.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жергиликтүү тургундар Өзбекстан Республикасынын Сох районунун айыл тургундары менен кечээ болуп өткөн чыр-чатакка байланыштуу маселелерди козгошту.

Кубатбек Боронов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен болуп өткөн сүйлөшүүлөр жана жетишилген макулдашуулар тууралуу айтып берди.

Биринчи вице-премьер-министр чек ара маселелерин чечүү, чек арага чектеш райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, ошондой аталган аймакта коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө экенин белгиледи.

Ал ошондой эле тургундардын кайрылуусу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлө тургандыгын айтты.

Жергиликтүү тругундар буга чейин вице-премьер-министр алар менен жолугушпаганына нааразы болушканын айтып чыгышкан.

31-майда Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Сох анклавынын Чашма айылынын (Өзбекстан) тургундары ортосунда чыр чыкты.

Сүрөт: Өкмөттүн маалымат кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты