Атамбаевге каршылардын жана колдогондордун митинги өтүүдө

Бүгүн, 1-июнда, Бишкекте Биринчи май райондук сотунун алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы чыккандардын жана аны колдогондордун митинги өтүүдө.

Парламент депутаты Ирина Карамушкина «Атамбаевге каршы митингдин артында бийлик турат» деген пикирин билдирди.

Биринчи май райондук соту 1-июнда Кой-Таш окуялары боюнча ишти улантып карап жатат.

Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишине мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев баш болгон 14 киши шектелүүдө.

Сүрөт «ПолитКлиника». Экинчи сүрөт: АКИ-пресс.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты