Коронавирустун 69 учуру катталды. Бардыгы 1817ге жетти

  • 4 года мурун

Кыргызстанда 1-июнга карата бир суткада COVID-19 инфекциясынын 69 учуру катталды.

Анын ичинен:

Бишкек шаарында –39, анын ичинен 18 учуру — Россиядан келген курсанттардан;

Нарын облусу -14;

Чүй облусу — 6

Ош шаарында – 9;

Ош облусу — 1.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйынында билдирди.

Республикада инфекцияга чалдыккандардын бардык саны 1817ге жетти.

Бир суткада 11 бейтап айыгып чыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 1181 болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты