Боронов чек арага чектеш чыр чыккан аймакка барды

  • 4 года мурун

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районуна барды.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кыргыз-өзбек чек арасына чектеш аймакта чыккан окуя боюнча Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуу өткөрөт.

Ошондой эле укук коргоо жана жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусундагы ыкчам кеңешме өткөрөт.

Учурда абал жөнгө салынды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коопсуздук чараларын күчөттү. Тиешелүү органдар жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

31-майда Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Сох анклавынын Чашма айылынын (Өзбекстан) тургундары ортосунда чыр чыкты.

Сүрөт: Жеңиш Айдаров. «Азаттык».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты