​Кыргыз-өзбек чек арасындагы чырдан улам 4 киши ооруканага жаткырылды

  • 4 года мурун

Кыргыз-өзбек чек арасындагы чырдан улам Айдаркен шаарындагы дарылоо борборуна медициналык жардам сурап 15 киши кайрылды.

Кайрылгандардын арасынан төртөө ооруканага жаткырылды, экөөнүн абалы — оор экени айтылды.

Бул тууралуу КР саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Калган жарандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп үйүнө жиберилди.

Бүгүн, 31-майда Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Сох анклавынын Чашма айылынын (Өзбекстан) тургундары ортосунда чыр чыкты.

Сүрөт: Социалдык тармактардан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты