​»Драгон» корабли космос станциясына жалгашты

  • 4 года мурун

Астронавттар Даг Херли менен Роберт Бенкен учкан «Драгон» космос корабли Эл аралык космос станциясына жалгашты.

Бул тууралуу Би-Би-Синин орус кызматы билдирди.

Кабарлангандай, Эл аралык космос станциясына чейин астронавттар 19 саат учушту.

Алар космос станциясында канча убакыт болору так белгисиз.

Илон Масктын SpaceX компаниясынын “Драгон” космос корабли астронавттар Даг Херли жана Роберт Бенкен менен ишемби күнү Флорида штатынын Канаверал кысыгынан учкан.

“Фалкон” ракетасынын биринчи баскычы пландалгандай, учкандан болжол менен үч мүнөттөн кийин бөлүнгөн, ал эми 10 мүнөттөн кийин Атлантика океанынын SpaceX атайын платформасына кайтып келген.

Экинчи баскычы ажырагандан кийин “Драгон”орбитага чыкканы кабарланган.

Ал эми 27 -майга пландалган космоско учуу аба ырайынан улам учууга 16 мүнөт калганда кийинкиге калтырылган.

“Драгон” космос корабли америкалык ишкер Илон Масктын SpaceX компаниясы тарабынан курулган.

Бул -жеке компаниянын дүйнөдөгү биринчи космоско учуусу.

2011-жылы Шаттл программасы токтотулгандан бери АКШнын аймагынан Эл аралык космос станциясына экипаж учурулган эмес. Соңку тогуз жыл америкалыктар Россиянын «Союз» ракеталарынын бортунда учуп келишкен.

Сүрөт: NASA.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты