Укук коргоочу Камилжан Рузиев үй камагына чыгарылды

  • 4 года мурун

Караколдо кармалган укук коргоочу Камилжан Рузиевди үй камагына чыгарышты.

Бүгүн, 31—майда Каракол шаардык соту Камил Рузиевдин баш коргоо чарасын карап, аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу социалдык тармакта журналист Алена Хоменко жазды.

Камилжан Рузиев 30-майда УКМК тарабынан кармалган. УКМК аны «документти жасалмалоо» жана «алдамчылык» беренеси менен кармалган деп маалымат тараткан. Бирок 31-майдагы сотто укук коргоочу Рузиевдин күбө катары чакырылганы, бирок документи жанында болбогонунан камалганы белгилүү болгон.

Сүрөт: Алена Хоменко.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты