​Коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлер саны 350гө жетти

  • 4 года мурун

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:

Бишкек шаарында – 3, Нарын облусунда-2, Ош шаарында – 1.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 инфекциясына 350 медицина кызматкери кабылды.

Анын ичинен 249 медкызматкер ооруканадан айыгып чыкты.

31-майга карата өлкөдө бир сутка ичинде ооруканадан 57 бейтап айыгып чыкты. Республика боюнча коронавирустан жалпысынан 1170 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

31-майга карата республикада бир суткада COVID-19 инфекциясынын жаңы 26 учуру катталды. Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 1748ге жетти.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты