Укук коргоочу Камилжан Рузиевдин баш коргоо чарасы каралат

Бүгүн, 31-майда, укук коргоочу Камилжан Рузиевдин баш коргоо чарасы каралат.

Бул тууралуу анын уулу Азат Рузиев “Фейсбук” баракчасына жазды.

“31-майда атамдын баш коргоо чарасы каралат. Менин апама процесс жабык болорун айтышты. Бул мыйзамга жатпайт. Мындай чара сот тарабынан ошол жерден чыгарылыш керек.

Атам, укук коргоочу Камил Рузиевди 29-майда болжол менен саат 20: 00 да УКМК кызматкерлери кармады.

Аны Караколдогу убактылуу абак жайына камашты. Дал ошол Ысык-Көл облусунда атам кыйноолордун курмандыктарын коргоп, милициянын кылыктары менен күрөшүп келет” деп жазды.

Азат Рузиев атасы эмне үчүн кармаганын айтты.

“Атамдын адвокаты атамды кармаган учурда жанында паспорту болбогонун айтты, ошондуктан анын иши азыр “кармалды” деген боюнча турат.

Ооба, УКМК кызматкерлери жарандын ким экендигин тастыктаганча кимди болсо да, 48 саатка кармоого укуктуу. Бирок, УКМК ЖМКга атам “документти жасалмалоо” жана “алдамчылык” беренеси менен кармалгандыгы тууралуу пресс-релиз жөнөтүптүр.

Бирок адвокаттын, айтымында, мунун баары иште жазылган эмес. Балким таң аткыча жазып коюшаар.УКМК адвокат аркылуу ”Документти жасалмалоо” жана “Алдамчылык” беренеси тууралуу билдирип жатышат/

“Менин атам андай кылмыштарга барбайт деп айта алам, ал 20 жылдан ашык убакыттан бери кыйноонун курмандыктары жана укук коргоо системасынын кемчиликтери менен күрөшүп келет. Ал документти жасалмалоо менен алектенбейт жана алдамчылыкка барбайт . Атам өмүрүн тобокелге салып, күрөшүп жүргөн нерселерди өзү жасоого барбайт.

20 жылдан ашык убакыттан бери туугандарыбыз жана тааныштарыбыз “Кыйноого калган бейтааныш эле кишилерди эмнеге коргойсуң? Укук коргоо кызматкерлерине каршы чыгуу коркунучтуу деп айтып келишчү.

Бирок атам эгер ал иш менен алектенбесе, алар андан дагы дагы катуу кыйноолорго кабыларын айтчу” деди жана атасын буга чейинки коркуткандарын белгиледи.

“Мен атамды анын принциптери үчүн камаганын каалабайм” деп жазды Азат Рузиев.

30-майда, Ысык-Көл облусунда укук коргоочу, «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси Камилжан Рузиев кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирген.

Сотко чейинки өндүрүш боюнча кылмыш—жаза кодексинин 359-беренеси “Документти жасоо” жана 204-беренеси, алдамчылык боюнча кылмыш жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталганы айтылды.

Сүрөттө: Камилжан Рузиев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты