​Екатеринбургдан Ошко 233 жаран кайтты

  • 4 года мурун

Бүгүн, 30-майда, “Урал авиа каттамдары” авиакомпаниясынын Екатеринбург – Ош рейси менен чартердик каттам 233 кыргызстандык жаранды алып келди. Аларды «Ош» аэропортунда тосуп алышты.

Бул каттам менен муктаждыгы күч жарандар: ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, бейтап, улгайгандар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар Мекенге кайтарылды.

Келген жарандар обсервацияга алынды.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирли

Сүрөт: ТИМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты