Кубанычбек Жумалиевдики делген мүлктөр боюнча анын актоочулары маалымат беришти

  • 4 года мурун

29-май күнү «24.kg» маалымат агенттигинде Кубанычбек Жумалиевдин жактоочулары Бактыбек Жумашов жана Жыргалбек Бабаевдин онлайн конференциясы өтүп, анда алар КР Өкмөтүнө караштуу ЭККМК тарабынан башталган сотко чейинки териштирүү боюнча түшүндүрмө беришти.

Маалым болгондой, Кубанычбек Жумалиевге карата ага тиешелүү мүлктүн мыйзамдуулугу боюнча сотко чейинки териштирүү башталган. ЭККМКнын басма сөз кызматы тарабынан таратылган пресс-релизде Кубанычбек Жумалиевге жана анын туугандарына таандык мүлк аныкталганы айтылган.

Актоочулардын айтымында, кандайдыр бир мүлккө ээ болуу фактысынын өзү эч кандай мыйзамга каршы келбейт. Андан тышкары, жеке менчик биздин өлкөдө Конституция тарабынан коргоого алынган.

“Тергөө далилдемейинче, кандайдыр бир менчик мыйзамсыз жол менен алынган деп эч ким жыйынтык чыгара албайт. Кыргызстанда күнөөсүздүк презумпциясы принциби бар жана аны эч ким жокко чыгарган эмес”, — дейт актоочулардын бири Жыргалбек Бабаев.

Аны менен катар актоочулар Жумалиевге тиешелүү делинип, бирок кирешеси тууралуу декларацияга кирбей калган 50 фирма боюнча түшүндүрмө беришти.

“Кубанычбек Жумалиев мамлекеттик кызматтарда 1992-жылдан 2005-жылга чейин иштеген. Бул мезгил ичинде ал тарабынан катталган бир дагы ишкана болгон эмес, ал эч кандай коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзгөн эмес. 2005-жылдын март айына карата маалымат боюнча, ал бир батирге жана эки жер тилкесине гана ээлик кылып турган. Март революциясынан кийин ал жана анын үй-бүлөсү ар кайсы укук коргоо органдары тарабынан бир нече жолу текшерүүгө алынган. Жумалиев ишкердик менен 2005-жылдан кийин гана алектене баштаган. Бул мезгилде ал Илимдер академиясында иштеп турган жана бул мамлекеттик кызмат болуп эсептелбейт”, — дейт актоочулар.

Ошондой эле 50 компаниянын көпчүлүгү нөлдүк отчетторду тапшырып жаткан, жок кылуу стадиясындагы компаниялар экенине токтолушту.

“Жумалиев активдүү иштеген 2005-2015-жылдарындагы он жыл ичинде ал жана анын өнөктөштөрү тарабынан ар кайсы убактарда 50гө жакын коммерциялык ишканалар ачылган. Ал ЖЧКлардын көпчүлүгү эчак эле жабылып калган, бүгүнкү күндө 36 компаниясы жок кылуу стадиясында турат. Биздин карамагыбызда иштебеген ишканалар боюнча салыктан жана социалдык фонддон эч кандай карыздар жок экенин тастыктоочу салык органдарынан келген бардык документтер бар. Башкача айтканда, нөлдүк отчеттор берилип турган жана фирмалардын көпчүлүгү эч кандай коммерциялык иштерди жүргүзгөн эмес. КРнын Жогорку Кеңешиндеги депутаттык кызматка киришкен учурда Жумалиев тарабынан иштеп жатканишканаларын мыйзамга ылайык ишенимдик негиздеги башка компанияларга жана жеке инсандарга башкарууга өткөрүлүп берилген. Бул фирмалардын ишмердүүлүгүнөн пайда табуучулар так көрсөтүлгөн келишимдер түзүлгөн”, — дейт адвокаттар.

“Жумалиевдин дарегине айтылып жаткан, бирок эч нерсе менен тастыкталбаган көптөгөн батирлери, ресторандар, пансионаттар, сауналар, Казахстандагы моллдор, Кумтөрдөгү акциялар, ЭВМ заводу, ТААТАН жана ГОИН соода борборлору боюнча айыптоолордогу маалыматтар чындыкка жатпайт” дешет Жумалиевдин актоочулары Бактыбек Жумашов жана Жыргалбек Бабаев.

Буга чейин актоочулар Сыймык Жапыкеевдин өз тарапташтарын Кубанычбек Жумалиевге карата күч колдонууга чакырган аракеттерине, тактап айтканда, анын мүлкүн тартып алууга чакырган ачык билдирүүлөрүн кароо жөнүндө ИИМге арыз менен кайрылганы маалымдалган.

КР Өкмөтүнө караштуу ЭККМКнын лингвисттик экспертизасынын бүтүмүнө ылайык, Сыймык Жапыкеевдин айткандарында массалык акцияларга, активдүү иш-аракеттерге жана жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар бар. Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштардын белгилери (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө чакыруу жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакыруу менен барабар) бар.

Азыркы учурда сотко чейинки териштирүүлөр боюнча кылмыш кылууга катыштыгы бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

“Биз Жапыкеевдин билдирүүлөрү менин доогерим үчүн гана эмес, бүт өлкө үчүн алдын-ала айтып болбогон кесепеттерге чагым болуп бериши мүмкүн. Негизинен айтканда, алар өзүм билемдикке, мыйзамдарды тебелөөгө, анын натыйжасы катары – жалпы башаламандыкка чакырышууда”, — дейт Бактыбек Жумашов.

Мындан тышкары, актоочулар УКМКга “Кубанычбек Жумалиев улуттар арасында козутууга үндөгөн ураандарды айтты” деген Фейсбук социалдык тармагындагы баракчанын түзүлгөнүнө да иликтөө жүргүзүү боюнча арыз менен кайрылышкан.

“Биз ошол замат эле Кубанычбек Жумалиевдин жана анын туугандарынын бул баракчага эч кандай тиешеси жок экенин билдиргенбиз. Эми УКМКнын тергөө кызматы бул чагымдын артында кимдер турганын аныктоого тийиш. Ошондой эле Кубанычбек Жумалиевди телевизиондук эфирден улуттар аралык касташууну козутуп жатат деп ачык эле билдирген Максат Мамыткановго карата да иликтөө жүргүзүлүүсү керек. Учурда бул фактылар боюнча сотко чейинки текшерүүлөр жүрүп жатат”, — дейт адвокаттар.

Аны менен катар эле адвокаттар Сыймык Жапыкеев Жумалиевдин кадырбаркына шек келтирди деген доо менен Ленин райондук сотуна кайрылышкан. Доо 10 млн сомго бааланган. Жана сот Жапыкеевди жоопко тартса, аталган сумма кайрымдуулукка жумшаларын белгилешти.

“Бул сумма Кубанычбек Жумалиевдин атына ачык көө жапкан бул жалаа социалдык интернет тармактар аркылуу бүткүл дүйнөгө тарап кеткени менен шартталды. Андан тышкары, Жумалиев Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлү болуп саналат. Ошондуктан биз аны жамандоо аркылуу бүткүл Жогорку Кеңешке көө жабылды деп эсептейбиз. Сот тарабынан кетирилген чыгымдын ордун толтуруу үчүн кандай гана өлчөмдөгү сумма дайындалбасын, анын баары кайрымдуулук максаттарына өткөрүп берилет”, — дейт адвокат.

“Акырында айтаарыбыз, чоң казатчы мырзалардын интернет колдонуучулардын кеңири аудиториясына Жумалиевди кылмыш жасаган деп фактологиялык материалы жок, куру сөз менен айыптап, укук коргоо органдарына ачык билдирүүлөрдү жар салып, аларды кылмыш иштерин козгоого чакырып жатышы, КР КЖКнын 163-беренесинде белгиленгендей – атайын билип туруп жалган айтууга жатаарын, ал үчүн мыйзам алдында жооп берээрин белгилеп кетким келет”, — дейт Жумашов.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты