​Үсөнбаев: “Коронавирус инфекциясы тез убакытта жугуп, тарап кетет”

Коронавирус тез убакытта жугуп, тарап кетүү коркунучуна ээ.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

— Бүгүн жаңы катталган 60 учурдун ичинен 52си байланышта болгондордун арасынан табылган.

Коронавируска ишенбеген да жарандар бар, бирок бул инфекция тез убакытта жугуп, тарап кетишин эске салабыз.

Мисал келтирсек, борбордогу объекттердин биринде коронавирус жугузуп алган бир кызматкерде илдеттин симптомдору билинген эмес. Ал жумушка келип, иштей берген. Тилекке каршы, кыска убакыттын ичинде аны менен байланышта болгон 60 кызматкердин 24үндө вирус тастыкталган.

Андан сырткары, үй-бүлө мүчөлөрүнө дагы жугузган учурлар кездешүүдө. Андыктан, ар бир адамдан санитардык талаптарды так сактоого жана жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырабыз, деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары.

30-майга карата Кыргызстанда бир суткада COVID-19 инфекциясынын 60 учуру аныкталды. Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 1722 болду. 16 киши каза тапты.

Бир суткада 25 киши айыкты. Айыгып чыккандардын бардык саны 1113кө жетти.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты