COVID-19: Дагы 60 кишиде аныкталды. Бардыгы 1722ге жетти

Жаңылыктар

30-майга карата Кыргызстанда бир суткада COVID-19 инфекциясынын 60 учуру аныкталды.

Анын ичинен:

Нарын облусунда -32;

Бишкек шаарында –25, анын ичинен экөө Россиядан келген курсанттардан;

Чүй облусу – 3, анын ичинен экөө Россиядан келгендерден;

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Өлкөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 1722ге жетти.

Бир суткада 25 бейтап айыкты. Айыккандардын жалпы саны 1113кө чамалады.