Кыргызстан эл аралык университети Абылгазиевдин ал окуу жайды аяктаган документтерин көрсөттү

  • 4 года мурун

Кыргызстан эл аралык университети Мухаммедкалый Абылгазиевдин ал университеттин магистартурасын актаган документтерин көрсөттү. Буга чейин активист Айбек Хакимов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Кыргызстан эл аралык университетин бүткөндүгүнөн шек санап жазган.

Аталган университеттин негиздөөчүсү, академик Асылбек Айдаралиев Айбек Хакимов Абылгазиевдин студент кезин билбей калышы толук мүмкүн экенин айтты. Себеби Абылгазиев магистратурада, ал эми Хакимов бакалавриат даражасына окуган.

Магиструтурада окугандар башка имаратта билим алгандыгын жана алардын окуу убакыттары да башка болгонун белгиледи.

Соцтармактарда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Кыргызстан эл аралык университетинин жогорку билими жөнүндөгү дипломунун мыйзамдуулугу күмөн жараткан.

Активист Айбек Хакимов “Фейсбуктагы” баракчасына Абылгазиевдин Кыргызстан эл аралык университетинде окуганын өзү жана курсташтары эстей албай коюшканын жазган.

Жогоруда азыркы премьер-министр, андагы студенттин фамилиясы Абулгазиев деп жазылган. Ал премьер-министрдин миодетин аткаруучу кезинде фамилиясынын бир тамгасын оңдотуп, паспортуна Абылгазиев болуп жазылган.

Мухаммедкалый Абылгазиев 1968-жылдын 20-январда Нарын областынын Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында туулган. 1994-жылы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун, 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетин аяктаган.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты