​Кайсы мекеме-уюмдарга жана иш-чараларга чектөө калтырылат? (Тизме)

Коронавирустун кеңири таралышынан улма айрым мекеме-уюмдардын иштешине жана массалык иш-чара өткөрүүгө чектөө калтыруу сунушталды.

Алар төмөнкүлөр:

-Маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү жана массалык иш-чараларын өткөрүү;

-көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгү (түнкү клубдар, караоке, кальян ж.б.);

-интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын ишмердүүлүгү;

-кинотеатрлардын ишмердүүлүгү;

-соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан тамактануу пункттарынын ишмердүүлүгү;

-балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү, анын ичинде соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан;

-билим берүү борборлорунун ишмердүүлүгү (тил курстары жана билим берүү кызматтарынын башка түрлөрү);

-автобус, микроавтобус аркылуу шаарлар аралык жана аймак аралык жүргүнчүлөрдү ташуу.

Бул тууралуу ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

1-июндан жана 5-июндан тартып бир катар мекеме-уюмдар ишин жандандырат.

Кыргызстанда 29-майга карата бир сутка ичинде COVID-19 инфекциясынын жаңы 68 учуру катталып, жалпы саны 1662ге жетти.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты