​1-июндан тартып кайсы мекеме-уюмдар иштейт? (Тизме)

1-июндан тартып бир катар мекеме-уюмдар ишин жандандырат.

Алар төмөнкүлөр:

— Күнүмдүк керектөөчү товарларды жана тамак-аш азыктарын өндүрүү, соода-сатык чөйрөсүндөгү иштин бардык түрлөрү;

— Калкты тейлөө кызматтары тармагындагы иштин бардык түрлөрү;

— Аудит жана консалтинг компаниялар;

— Жарнама агенттиктери;

— Туристтик жана эс алуу жайлары (эс алуу үйлөрү, пансионттар, тарыхый жайлар ж.б.), жеке унаа менен саякаттоо сунушталат.

Бул тууралуу коронавирусьун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча республикалык штабы билдирди.

Коронавирустун алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб өзгөчө абал шартында уруксат берилген ишмердүүлүктүн тизмесин жарыялаган. Калган мекеме-ишканалар убактылуу ишин токтоткон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты