​АКШнын Миннесота штатында афроамерикалыктын өлүмүнөн соң башаламандык болду

  • 4 года мурун

АКШнын Миннесота штатына караштуу Миннеаполис шаарында үч күндөн бери башаламандык өкүм сүрүүдө. Нааразылык акцияларына Жорж Флойд аттуу өңү кара жарандын өлүмү себеп болду.

46 жаштагы Флойд 25-майда полиция кармап кеткенден кийин ооруканада каза тапкан.

Соцтармактарда тараган видеодо колуна кишен салынган Флойддун жерде жатканын, аны полиция кызматкери мойнунан басып турганын көрүүгө болот. Флойд бир нече жолу дем ала албай, думугуп баратканын айткан. Анын өлүмүнүн негизги себеби аныктала элек.

Флойд жалган документ жасоо шеги менен кармалган. Колго түшкөн маалда куралы болгон эмес.

ФБР афроамерикалыктын өлүмүн иликтеп баштагандан кийин төрт полиция кызматкери жумуштан бошотулду. Миннеаполистин мэри Жейкоб Фрей дагы аларды жазалоону талап кылууда. Полициячылардын аракетин коомдук көрүнүктүү ишмерлер айыпташууда. Мурдагы вице-президент Жо Байден полициячыларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга чакырды.

Башаламандыктар 26-май күнү кечинде башталып, кийинки күнү да уланган. Демонстранттар полиция бөлүмүнүн имаратынын алдына чогулушуп, айрымдары тартип сакчыларына таш ыргытышкан.

Полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Бул арада вандализм, дүкөндөрдү өрттөө жана талоончулук фактылары да катталууда.

Демонстрациялар башка штаттарда, анын ичинде Калифорнияда да өтүүдө.

АКШнын юстиция минситрлиги Жорж Флойддун өлүмүн иликтөө “негизги приоритет” экенин билдирди.

Сүрөт: Reuters.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты