​ЕБ эксперттери чек араны жабуунун натыйжалуулугунан күмөн санады

  • 4 года мурун

Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча Европа борбору коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү үчүн чек араларды жабуунун натыйжалуулугунан күмөн санап жатканын билдирди.

Борбордун эксперттери чек аралардын жабылышы экономикага өтө терс таасирин тийгизип, ошол эле маалда эпидемиянын башталышын бир аз кийинкиге гана жылдырганын белгилешти.

Борбордун бул билдирүүсү Европа биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөр чектөөлөрдү алуу маселесин талкуулап жаткан маалда жарыяланды.

Апрелде Еврокомиссия вирус жуктуруп алуу тобокелдиги жогору болгон өлкөлөрдүн ортосунда жүрүүгө киргизилген чектөөлөрдү жеңилдетүүнү сунуштаган.

Шейшемби күнү Испания ЕБге мүчө өлкөлөрдү Шенген аймагындагы чек араларды ачуу үчүн жалпы эрежелерди иштеп чыгууга чакырган. Ошол эле күнү Германиянын бийлиги 15-июндан кийин Европанын 31 өлкөсүнө барууга киргизилген чектөөлөрдү алууну пландап жатканы белгилүү болгон. Чехия менен Дания айрым чек ара тилкелериндеги көзөмөлдү жумшартарын билдиришкен.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты